Пикири үчүн камалган Жээнтаевге апасын акыркы сапарга узатууга барууга уруксат суралууда

  • 2 месяца мурун

Социалдык тармактагы ой-пикири үчүн жакында эркинен ажыратылган Эрнис Жээнтаевге апасын акыркы сапарга узатуу тажиясына катышууга уруксат берүүгө жакындары суранууда.

Жээнтаевдин апасы 27-февралга караган түнү көз жумгандыгы жана сөөгү эртең, 28-февралда, Ысык-Көл районунун Темир айылына коюла тургандыгы кабарланды.   

Эрнис Жээнтаевдин иниси Эрик Жээнтаев агасын абактан убактылуу чыгарып, апасын акыркы сапарга узатуу тажиясына катышууга уруксат берүүнү президент Садыр Жапаровдон суранды.  

Эрнис Жээнтаев, Фейсбук колдонуучу, эркин гезиттердин дизайнери социалдык тармактагы сын пикирлери үчүн Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен 13-февралда алты жылга эркинен ажыратылган.

Фейсбук колдонуучу Эрнис Жээнтаев 2015-жылы 10-ноябрда милиция тарабынан кармалып, ага кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси, массалык баш аламандыктарга чакырыктар жана 332-беренеси, экстремисттик материалдарды сактоо негизинде кылмыш иши козголгон.

Маалыматтарга ылайык, Эрнис Жээнтаев 1985-жылы 24-январда туулган. Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетин 2006-жылы аяктаган. “Ак билим” басмасында жана гезит редакцияларында дизайнер болуп иштеген. Жээнтаев үйдүн улуусу.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты