Мыктыбек Абдылдаев көз жумду
- 1 месяц мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, мурдагы башкы прокурор Мыктыбек Абдылдаев 73 жашында көз жумду.
Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылы 17-августта Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында туулган. 1960-1970-жылдары Кара-Жыгач орто мектебин аяктаган.
1976-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин, 1988-жылы СССР Ички иштер министрлигинин (ИИМ) академиясын бүтүргөн. 1999-жылы юридика илиминин кандидаты диссертациясын жактаган. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи.
2002-2005-жылдары башкы прокурор болуп иштеген. 2006-2007-жылдары президенттик администрациянын жетекчиси болгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттыгына, 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттыгына шайланган.
2022-жылы Улуттук кеңештин төрагасы болуп шайланган. Акыркы жылдары Мыктыбек Абдылдаев элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп иштеген.
Сүрөттө: Мыктыбек Абдылдаев. kenesh.kg




