Эрназар Акматалиев Азия чемпионатында күмүш медаль жеңип алды
- 3 года мурун
Кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында күмүш медалды жеңип алды. Ал эми Арсалан Будажапов коло медалдын ээси болду.
Эрназар Акматалиев финалда ал япониялык Таиши Нарикуниден 3:4 эсебинде жеңилип, экинчи орунду алды.
Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова жана Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды.
Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков, Тынар Шаршенбеков жана Акжол Махмудов алтын медаль алса, Адилхан Нурланбеков, Үзүр Жузупбеков, Роман Ким, Алмаз Сманбеков коло байгеге ээ болду.
Улан-Батордо өтүп жаткан Азия биринчилиги эртең, 24-апрелде аяктайт. Мелдешке Кыргызстандан жалпы 21 балбан катышууда.
Сүрөт: Интернет булактарынан.
Муну бөлүшүү