Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын, Мээрим Жуманазарова күмүш медаль утту

  • 2 года мурун

Улан-Батор шаарында өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык Айпери Медет кызы алтын медаль, ал эми Мээрим Жумуназарова күмүш медаль утту.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта япониялык Юка Кагамини жеңип алды.  

Мээрим Жуманазарова финалдык беттеште казакстандык Мадина Бакбергеновага 2:3 эсебинде жеңилип калды.    

Айсулуу Тыныбекова жарышка эртең чыгат.

Буга чейин Азия чемпионатында кыргызстандык Жоламан Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиондугун жеңип алган. Ошондой эле Тынар Шаршенбеков менен Акжол Махмудов грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатында алтын медалдын ээси болгону маалым.

19-апрелден 24-апрелге чейин Улан-Батордо өтчү Азия чемпионатына Кыргызстандын атынан 21 балбан катышууда.

Сүрөттө: Айпери Медет кызы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты