Эрназар Акматалиев Азия чемпионатында алтын медаль жеңди

  • 1 месяц мурун

Иорданияда өтүп жаткан Азия чемпионатында кыргызстандык спортчу Эрназар Акматалиев алтын медаль жеңип алды.

Эркин күрөш боюнча мелдеш 29-мартта Иорданияда өттү. Эрназар Акматалиев 70 килограммга чейинки салмакта ат салышты.

Эрназар Акматалиев казакстандык Начын Куулар менен чыгып, аны 5:4 эсебинде жеңди, андан кийин өзбекстандык Бегижон Кулдашев менен таймашка чыгып, аны 7:1 менен жеңип алды. Жарым финалда жапониялык Йошиносуке Аоягиден утулуп келатып, аягында утуп алды. Финалда Акматалиев тажикстандык Виктор Рассадин менен беттешип, 0:4 менен утулуп келатып, аяк ченинде жеңишти колго алды.   

Эрназар Акматалиев биринчи ирет Азиянын чемпиону болду.

Иорданияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында Айпери Медет кызы 76 кг салмакта кыз-келиндер күрөшүнөн алтын медаль утту.

Сүрөттө: Эрназар Акматалиев. UWW

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты