Вьетнамда спорттук күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстан балбандары 6 медаль алды
- 2 недели мурун
Вьетнамдын Да Нанг шаарында өтүп жаткан спорттук күрөш боюнча (U-17 жана U-23) Азия чемпионатында буга чейинки жыйынтыктар боюнча Кыргызстан курама командасынын балбандары 6 медаль — 3 алтын, күмүш жана 2 коло медаль жеңип алды.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Алтын медалдын ээлери:
Ырыскелди Хамзаев (U-23) 72кг чейинки салмакта;
Эрлан Марс уулу (U-23) 82кг чейин;
Нурболот Токтогонов (U-23) 130кг чейин.
Күмүш медаль ээси:
Жеңиш Жумабеков (U-23) 97кг чейин
Коло медаль ээлери:
Нуристан Суеркулов (U-23) 60кг чейин Баяман Каримов (U-23) 67кг чейин
Мелдештер 31-майга чейин уланат.

Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги
Муну бөлүшүү




