Ысык-Көлдө армрестлинг боюнча Азия чемпионаты башталды
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 8-июнда, Ысык Көл облусунун Корумду айылында чоңдор жана өспүрүмдөр арасында кол күрөш -армрестлинг боюнча XXIV Азия чемпионаты жана пара-армрестлинг боюнча XXIII Азия чемпионаты башталды.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Салтанаттуу ачылыш аземге Министрлер Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Урмат Асанбаев катышты. Асанбаев армрестлинг боюнча Азия чемпионатынын Кыргызстанда өтүп жатышы өлкө үчүн чоң сыймык экенин белгиледи.
Чемпионатка Азиянын 20 мамлекетинен спортсмендер катышып жатат. Мелдеш 14-июнга чейин уланат.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги
Муну бөлүшүү




