Кыргызстандык төрт балбан Азия чемпионатынын жарым финалына чыкты
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 6-апрелде, Бишкек шаарындагы “Жаштык арена” спорттук комплексинде грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталды. Кыргызстандык төрт балбан жарым финалга чыкты.
Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, тандоо этаптагы кармаштардын жыйынтыгында Кыргызстандын курама командасынын төрт балбаны ийгиликтүү чыгып, мелдештин жарым финалына жолдомо алышты.

Финалга чыгуу үчүн төмөнкү спортчулар күч сынашат:
Улан Муратбек уулу (55 кг чейинки салмак категориясы);
Афтандил Таалайбеков (63 кг чейин);
Акжол Махмудов (77 кг чейин);
Асан Жанышов (87 кг чейин).
Жарым финалдык беттештер бүгүн саат 18:00дө башталат.
Сүрөт: Дене тарбия жана спорт агенттиги
Муну бөлүшүү




