Айсулуу Тыныбекова Азия чемпионатында күмүш медаль утту

  • 2 года мурун

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Монголияда өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионатында күмүш медаль жеңди.

Тыныбекова 62 кг салмакта мелдештин чейрек финалында монголиялык Болдсайханы Хонгорзул менен күрөшүп, атаандашын 7:3 эсебинде жеңген. Жарым финалда өзбекстандык балбан Набира Есенбаеванын далысын жерге басып, финалга жолдомо алган. Финалдык бөлүктө япониялык Нонока Одзаки менен күч сынашты.

Азия чемпионатында кыз-келиндер күрөшү боюнча Айпери Медет кызы (76 кг) алтын, Мээрим Жуманазарова (68 кг) күмүш медаль тагынды.

Ал эми грек-рим күрөшү боюнча Жоламан Шаршенбеков (60 кг), Тынар Шаршенбеков (63 кг) жана Акжол Махмудов (77 кг) алтын алса, Адилхан Нурланбеков (72 кг), Үзүр Жузупбеков (97 кг), Роман Ким (130 кг) коло байгеге ээ болду.

Улан-Батордо өтүп жаткан Азия биринчилиги эртең, 24-апрелде аяктайт. Мелдешке Кыргызстандан жалпы 21 балбан катышууда.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты