Азия чемпионатынын күрөш боюнча жаш жеңүүчүлөрү сыйланды

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү боюнча 15 жана 20 жашка чейинки спортчулар арасындагы Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүнө сертификаттарды тапшырды.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымдалды.

Маалыматта айтылгандай, ушул жылдын июнь айында Бишкекте өткөн бул ири эл аралык мелдешке Азиянын 45 өлкөсүнөн 500дөн ашык спортчусу катышкан. Анда өлкөнүн жаш балбандары 5 алтын, 8 күмүш, 17 коло болуп жалпысынан 30 медаль жеңип алышкан.

МинКаб төрагасы жаш балбандардан келечекте дүйнө чемпиондору жана олимпиада жеңүүчүлөрү болуп өсөөрүнө ишенимин билдирип, аларга бекем ден соолук, жаңы спорттук ийгиликтерди жана жаркыраган жеңиштерди каалады.

Алтын, күмүш жана коло медалдардын ээлерине 150 миң, 100 миң жана 50 миң сомдук акчалай сыйлыктардын сертификаттары тапшырылды.

Азия чемпионатынын күрөш боюнча жаш жеңүүчүлөрү сыйланды

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты