Эр-Рияд шаарында АКШ жана Россия өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү өткөрдү
- 4 недели мурун
Бүгүн, 18-февралда, АКШнын жана Россиянын расмий адамдары Сауд Аравиясынын Эр-Рияд шаарында төрт сааттан ашык убакыт сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Сүйлөшүүлөр биринчи жолу Украинадагы согушту токтотуу тууралуу болду. Сүйлөшүүгө Киев жана Европа өлкөлөрү сырттан байкоо салып турду. Ал эми Москва жаңы, маанилүү талап койгону айтылды.
Бул тууралуу Reuters агенттиги билдирди.
“Интерфакс” агенттиги жазгандай, Юрий Ушаковдун айтымында, сүйлөшүү ийгиликтүү аяктады, балким Дональд Трамп менен Владимир Путин жолугушмакчы.
“Бул маселе талкууланды, балким андай жолугушууну уюштуруу үчүн шарт түзөбүз” деди Россия президентинин жардамчысы Ушаков.
Сүйлөшүүлөрдө Россия тараптан Юрий Ушаков, тышкы иштер министри Сергей Лавров, Түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев болгон.
Ал эми АКШ тараптан мамлекеттик катчы Марко Рубио, президенттин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Майк Уолц жана президенттин Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стифф Уиткофф катышты.
Бүгүн, 18-февралда, мурда маалымдалгандай, АКШ жана Россия Украинадагы согушту аяктоо жана мындан аркы мамилелерди жөнгө салуу боюнча Сауд Аравиясында жолугушары айтылган. Бул тууралуу америкалык Axios порталы жеке булактарынын айтуусу боюнча билдиргендиги маалым.
Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевди катыштырбастан кабыл алынган чечимдерге макул болбой турганын айтты.
Сүрөт: Reuters