АКШ жана Россиянын өкүлдөрү Эр-Рияд шаарында жолугушмакчы
- 1 год мурун
Бүгүн, 18-февралда, мурда маалымдалгандай, АКШ жана Россия Украинадагы согушту аяктоо жана мындан аркы мамилелерди жөнгө салуу боюнча Сауд Аравиясында жолугушат. Бул тууралуу америкалык Axios порталы жеке булактарынын айтуусу боюнча билдиргендиги маалым.
Айтылгандай эле АКШнын делегация курамына мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолтц жана президент Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф болот. Жолугушуу Эр-Рияд шаарында өтөт.
Россия тараптын делегация курамына божомолдор боюнча тышкы иштер министри Сергей Лавров, Вloomberg басылмасынын маалыматы боюнча, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкын болушу ыктымал.
Ал эми жолугушууга Украина тараптын катышаар-катышпасы азырынча айтылган жок. Ал эми Украинанын президенти Владимир Зеленский Киевди катыштырбастан кабыл алынган чечимдерге макул болбой турганын айтты. Европа да өздөрү катышпаган жолугушууга каршы болушууда.
Сүрөттө: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио. Reuters




