АКШ жана Россия Сауд Аравиясында жолугушаары айтылууда

  • 2 года мурун

АКШ жана Россия Украинадагы согушту аяктоо боюнча 18-февралда Сауд Аравиясында жолугушат. Бул тууралуу америкалык Axios порталы жеке булактарынын айтуусу боюнча билдирди.

Аталган басылманын айтуусу боюнча АКШнын делегация курамына мамлекеттик катчы Марко Рубио, улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Майк Уолтц жана президент Дональд Трамптын Жакынкы Чыгыш боюнча атайын өкүлү Стив Уиткофф болот.

Россия тараптын делегация курамы азырынча белгисиз. Axios порталынын божомолу боюнча тышкы иштер министри Сергей Лавров, Вloomberg басылмасынын маалыматы боюнча, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана тышкы чалгын кызматынын башчысы Сергей Нарышкын болушу ыктымал.  

Орусиялык бир катар басылмалар АКШ-Россия жолугушуусу 18-февралда Эр-Рияд шаарында болушу мүмкүн экенин жазды.

Ал эми жолугушууга Украина тараптын катышаар-катышпасы азырынча айтыла элек.

Сүрөттө: Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио. Reuters

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты