Эльмурза Сатыбалдиев: ЖККУ күчтөрүнүн Казакстанга жөнөтүлүшүнө каршымын

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Эльмурза Сатыбалдиев Казакстандагы абал өлкөнүн ички иши экендигин белгилеп, ЖККУнун алкагында куралдуу күчтөрдүн жөнөтүлүшүнө каршы экендигин билдирди.

“Мен кыргыз аскерлерин Казакстанга жиберүүгө макул эмесмин. Бул боордош туугандарыбыздын ич ара иши. Алар өз ара чечиши керек. Эгерде тыштан кол салуу болсо, анда ал башка маселе” дейт Эльмурза Сатыбалдиев.

Жамааттык коопсуздук келишими уюму (ЖККУ) Казакстанга аскерлерин жөнөткөнүн расмий жарыялады.

Буга чейин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Алматыдагы башаламандыктарга байланыштуу ЖККУга жардам сурап кайрылган. Ал Алматыдагы кырдаалды «террордук топтордун иши» деп атаган.

Социалдык түйүн колдонуучулары Токаевдин бул чечимин сындап, чет өлкөлүк аскерлердин кирише каршы пикирлерин жазып жатышат.

ЖККУга Армения, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Сүрөт: Видеодон.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты