Тергөө абагындагы экс-депутат Максат Кунакуновго уулу Амир менен коштошууга уруксат берилди

  • 1 час мурун

Тергөө абагындагы экс-депутат Максат Кунакуновго уулу, дайынсыз жоголуп, бүгүн Ала-Арча капчыгайынан сөөгү табылган Амир Кунакунов менен коштошуу зыйнатына катышууга уруксат берүү боюнча үй-бүлөсүнүн арызы канаттандырылды. Максат Кунакунов уулу менен коштошуу зыйнатына катышат.

9-ноябрда Адигине капчыгайында, Электро аттуу чокуда таштардын арасынан 14 жашар Амир Кунакуновдун сөөгү табылган. Баштапкы болжолдуу маалымат боюнча өспүрүм тоодо үшүгөнүнөн улам каза тапкан.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) маалыматы боюнча, 7-ноябрда саат 19:02де Амир Кунакунов «112» номуруна чалып, Адыгине чокусунан түшүп келе жатып, адашып кеткенин билдирген. Тоодо байланыш начар болуп, мааалыматты саат 22де гана ал жактагы куткаруучуларга берүүгө мүмкүн болгон. Куткаруучу топ экиге бөлүнүп, бири туристтерди куткарса, экинчи топтогу үчөө Электро чокусуна өспүрүмдү издөөгө чыгышкан.

Жакындарынын айтуусу боюнча, Амир 7-ноябрда эртең менен, саат 7ге жакын Ала-Арча капчыгайында чуркоо боюнча мелдешке катышуу үчүн чыгып кеткен. Аны жаш курагына байланыштуу мелдешке катыштырышкан эмес, өспүрүм Адыгине капчыгайы тарапка бет алган.

Амир Кунакунов — Жогорку Кеңештин экс-депутаты Максат Кунакуновдун уулу. Максат Кунакунов жакында СИЗО-1 тергөө абагына алынган. Үй-бүлөсү Максат Кунакуновду уулу менен коштошуу үчүн абактан убактылуу чыгарууну суранып, президентке кайрылуу жасаган.

Сүрөттө: Максат Кунакунов. 2021-жыл. «ПолитКлиника»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты