“Парламент микрофону жок, мажирөө, баары боло берет деген мамилеге муктаж эмес”. Депутаттардын билдирүүсү   

Бүгүн, 4-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында «Мекенчил» депутаттык топтон депутат Кундузбек Кошалиев социалдык тармактарда тараган айдоочулук күбөлүк, айдоочулукка окутуу маселелери боюнча депутаттар элдин үнүн жеткирип жатканын, бул популисттик эмес экенин билдирип чыкты.

— Азыр айдоочулук күбөлүк кимде гана жок, ар бир үйдө, ар бир жаранда бар. Эми каалайсыңбы- каалабайсыңбы, «он ай окуйсуң» деген  туура эмес.  Биз микрофонду алып, айтып жатканда биз жеке пикирибизди гана сунуштаган жокпуз, ошол күнкү сын-пикирдин бардыгы ар бириңиздердин жүздөгөн, миңдеген шайлоочулардын сөзүн айтып жатасыздар. Мен  аткаруу бийлигин колдоочу катары да, мыйзамдарын да колдоочу катары, ачык айтып коеюн, мен эч убакта каршы чыккан жокмун. Бирок ошол эле мезгилде биз сунуш гана айтып жатабыз. “Керегем сага айтам, келиним сен ук” болуп  жатабыз, элдин нааразылыктарын көбөйтпөгүлө. Бүгүнкү күнгө чейин кылынып жаткан иштердин бардыгы, мамлекетте өсүү болуп жатат, профицит менен чыгып жатабыз, ички дүң продукциябыз 1,5 триллиондон 2 триллионго чейин жетип жатат, бюджетибиз триллиондон ашты. Биз сүйүнүп жатабыз буга. Бирок ушуну кеңеш берип, өздөрүнүн акыл деңгээлин айтып, мындай кылбасак болбой калды деп сунуштап жаткан адамдар бул маселени туура эмес жакка алып баратат. Эгер элдин баарына бирдей мамиле кылынса, туура эмес деп кимдер чыгат? Биз өзүбүз эле туура эмес деп чыгабыз. Бирок аткаруу бийлигине дагы айта турган ким? Мына – бизбиз. Ошону көңүлгө алып койгула, көңүлдөн чыгарбагыла. Эч убакта биз этикадан чыкпасак. Мен ушул депутаттардын аткаруу бийлиги акмак деп айтканын уккан жокмун. Иштеген жерде кемчилик болот, ошол кемчиликтерди түздөп коелу деген гана тариз. Өкмөттүк саатты эртерээк өткөрүшүбүз керек,- деди Кундузбек Кошалиев.  -Очко (упай-ред.) топтогонго мен муктаж эмесмин, -менин кесиптештерим да ошондой болуш керек, -деди депутат.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу  депутаттын бул сөзүн кубаттады:

-Бийлик бутактарынын ортосунда сый болуш керек. “Сыйга сый, сыр аякка бал” .дейт Депутаттын сүйлөгөнүн ишин одоно сындоо аброй алып келбейт. Депутат — элдин өкүлү. Ошон үчүн депутатка 5 жылга мандат берилди. Биз бардык маселелерде аткаруу бийлигин колдоп келе жатабыз. Ошол эле учурда депутаттык корпуска да аткаруу бийлиги тарабынан сый мамиле болуш керек. Талаш-тартыш эмес, баарыбыздын көздөгөнүбүз — мамлекеттеги ынтымак, бакубат жашоо. Мен ойлойм, аткаруу бийлиги ушул сөздөрдөн жыйынтык чыгарат деп. Парламент микрофону жок, мажирөө, баары боло берет деген мамилеге муктаж эмес, ар дайым өз орду болгон, ошо менен иш алып барабыз, деди төрага Тургунбек уулу.  

Президент Садыр Жапаров Кеңештин депутаттарына кайрылып, парламентте маселе көтөрөрдө талдап-тактап алып сүйлөөгө чакырды.

Бул тууралуу президент транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик борборго (“Унаа”) жолугушууга барганда билдирди.

-Мен жаңы чакырылыштын депутаттары ант берген күнү барып сурандым эле, 100-200 киши чыгып эле кыйкырып калса эле, чуркап келип микрофон ээлеп, эптеп ошол теманы айтып, элге жакшы көрүнүп калыш керекпи. Ал маселе туурабы же туура эмеспи мамлекет үчүн пайдалуубу же зыянбы, ага карабайт. Ал элдин адамы, ал эми биз мамлекеттин, элдин душманы сыяктуу болуп калабыз да. Дагы бир жолу депутаттардан суранып кетет элем, бир маселени көтөрөрдө терең талдап алып, жети өлчөп, бир кесип, мамлекетке пайдасы кандай, элге пайдасы кандай ошолорду карап чыгуу керек. Эгер мамлекет туура эмес жасап жатса, анда мен эч кимди кыйкырба деп айтпайм. Мен да эки жолу депутат болгом. Эч качан популист болуп микрофонго чыгып алып кыйкырчу эмесмин. Депутаттардын укугу бар, келгиле деп ызылдап жаткан элди бир залга топтоп алып, өкмөт тарапты да чакырып алып, дискуссия кылып, андан кийин гана микрофонго барып айтса жарашат да” деп билдирди өлкө башчы.

Жогорку Кеңештин депутаттары айдоочулук күбөлүк, жеке автомектептердин жабылышы, азык-түлүк бааларынын кымбатташы, абанын булганышы ж.б. боюнча жыйындарда маселе көтөрүп, аткаруу бийлигин сынга алышууда. Ушул бейшемби күнү парламентте бул маселелер боюнча өкмөттүк саат өткөрүүнү пландап жатышат.

Сүрөт: kenesh.kg

      

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты