Жогорку Кеңештин экс-депутаты Кундузбек Сулайманов кармалды  

  • 3 месяца мурун

“Камбар-Ата-1” ГЭСин даярдоо этабынын долбоорун ишке ашыруу учурундагы мыйзам бузууларга шектелип, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) билдирди

С.К.К. инициалындагы Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Суйманов Кундузбек Кошалиевич экени белгилүү болду.

УКМКнын маалыматында айтылгандай, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты С.К.К. жана подрядчы уюмдардын жетекчилери М.А. жана А.Р. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

С.К.К. кызматтык ыйгарым укуктарынан пайдаланып, белгилүү бир материалдык пайда үчүн жеке компаниянын кызыкчылыктарын лобби аркылуу ага колдоо көрсөтүүнү уюштурган. Буга чейин Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын адистери тарабынан «НарынГЭС» ААКсы жана подряддык уюмдар тарабынан иштердин көлөмүн негизсиз көбөйтүү аркылуу мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилгени аныкталган.

Тергөө иштери улантылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) Кундузбек Сулаймановдун депутаттык ыйгарым укуктарын арызынын негизинде мөөнөтүнөн мурда, 23-февралда токтотту.

Кундузбек Сулайманов 2021-жылы Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын да депутаты болгон.

4-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Мекенчил» депутаттык топтон депутат Кундузбек Кошалиевич Сулайманов айдоочулук күбөлүк, айдоочулукка окутуу маселелери боюнча депутаттар элдин үнүн жеткирип жатканын, бул популисттик эмес экенин билдирип чыккан.

Кийин кайра окуу мөөнөтү ийгиликтүү аяктагандар үчүн төрт ай боло турганына президентке ыраазычылыгын айтып чыккан.

Социалдык тармактарда Сулаймановдун кимдин-бирөөнү мамлекеттик кызматка орноштуруп, анын ишин көзөмөлдөгөнү боюнча аудио жазма социалдык тармактарга тараган.

Сүрөт: УКМК  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты