Экс-депутат Дүйшөн Төрөкулов 30-июнга чейин камакка алынды
- 2 месяца мурун
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Дүйшөн Төрөкулов кармалды. Биринчи май райондук сотунун ЖМКга берген маалыматы боюнча, 30-июнга чейин камакка алынган.
Төрөкулов кылмыш-жаза кодексинин “Уюшкан топту түзүү же ага катышуу” беренеси менен айыпталууда.
Дүйшөн Төрөкулов “Бир бол” партиясынан Чолпон Жакупова Жогорку Кеңештин депутаттык мандатын тапшыргандан кийин анын ордуна, 2017-жылдын 11-январында депутат болуп келген.
Төрөкулов “коррупция” беренеси боюнча беш жыл мурун кармалып, эки айга камакка алынган болчу.
ЖК депутаты болгонго чейин Төрөкулов Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы эле. Өз чөйрөсүндө “Душка” деген каймана ат менен таанымал болгон. Спорттун «эрежесиз эр уруш» түрү менен алектенип келген.
Октябрь окуялары учурунда Дүйшөн Төрөкулов Ош шаарынын мэри болду деген кабар тараган. Бирок Таалайбек Сарыбашев мэрлик кызматта калган.
Сүрөттө: Дүйшөн Төрөкулов. Интернет булактарынан




