​Жогорку Кеңеш депутаты Дүйшөнкул Төрөкулов кармалды

  • 3 года мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөнкул Төрөкуловду кармады.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.

Дүйшөн Төрөкулов “коррупция” беренеси боюнча кармалганы кабарланды, бирок анын чоо-жайы ачыкталган жок.

Маалыматта ушул эле учурда Чүй облусунан “кылмыштуу топ” мүчөсү Жантай Шаменов кармалганы да маалымдалды.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен

Дүйшөн Төрөкулов эки айга УКМК убактылуу камак жайына камалды. Жантай Шаменовдун баш коргоо чарасы карала элек, ал УКМК убактылуу камак жайына камалды.

Торокулов Чолпон Жакупова депутаттык мандатын тапшыргандан кийин анын ордуна, 2017-жылдын 11-январында депутат болуп келген.

ЖК депутаты болгонго чейин Төрөкулов Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы эле. Өз чөйрөсүндө “Душка” деген каймана ат менен таанымал болгон.

Октябрь окуялары учурунда Дүйшөнкул Төрөкулов Ош шаарынын мэри болду деген кабар тараган. Бирок Таалайбек Сарыбашев мэрлик кызматта калган.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты