Оштогу аянтта дагы бир чыр чыкты

  • 4 года мурун

Ош шаарындагы борбордук аянтта митингчилердин арасында дагы бир пикир келишпестик чыкты.

Митингчилердин бир бөлүгү экс-мэр Мелис Мырзакматовду шаардын мэри болууга ылайык көрүп, аянтта күтүп жатат. Экинчи бөлүгү ЖКнын VI чакырылышынын депутаты Дүйшөн Төрөкуловду шаардын мэрлигине сунушташкан.

Аянттагы эл тарабынан сунушталган эки талапкердин колдоочуларынын ортосундагы талаш чырга айланып кеткен.
Экс-мэр Мелис Мырзакматовдун Түркия мамлекетинен учуп келе жатканы айтылууда.
Белгилей кетсек, Дүйшөн Төрөкулов 2012-жылы Ош бажысынын инспектору кызматын аркалаган.

Бүгүн, 6-октябрда, Ош шаарында да парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгондордун митинги уюштурулду.

Сүрөттөр: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты