Экология министрлиги уранды казууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун талкууга чыгарды

  • 2 месяца мурун

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Кыргызстанда кайрадан уран кенин казууга уруксат бере турган мыйзам долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Документ Бардык ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун талкуулоочу бирдиктүү порталга (koomtalkuu.gov.kg) чыгарылды.

Долбоордо 2019-жылы кабыл алынган «Кыргыз Республикасында уран, торий кендерин издөө, чалгындоо жана иштетүү максатында жер казынасын геологиялык изилдөө менен байланышкан ишке тыюу салуу жөнүндө» мыйзамды жокко чыгаруу сунушталат. Мындан сырткары «Жер казынасы жөнүндө» мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү камтыйт.

Президент Садыр Жапаров 19-февралда Балыкчы шаарында Ысык-Көлдүн Тоң районунун жана Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен жолугушуп,  Кызыл-Омпол кенин мамлекет иштетүүнү пландап жатканын айткан.  Мамлекет башчы кен иштей баштаса, миңден ашуун жумушчу оруну түзүлөрүн билдирген.

2019-жылдын жазында «Кыргызстандагы ЮрАзия» деп аталган компания бул кенди чалгындоо иштерин баштаган учурда Ысык-Көлдө жана Бишкекте нааразылык чыккан. Мындан кийин, ошол эле жылдын декабрында Кыргызстанда уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынган.

Кыргыз өкмөтү, анын ичинде Энергетика жана өнөр жай министрлиги 2021-жылы сентябрда өлкөдө уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берген мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ал парламентке жеткен эмес.

Расмий маалыматка ылайык, Тоң районундагы Кызыл-Омпол тоо-кен участогу 1951-жылы ачылган. Ачык булактардагы маалыматтарда, СССРдин убагындагы чалгындоо иштеринде жалпысынан 13 миң тонна уран бар экени такталган. Мындан сырткары анда торий, цирконий, титан, фосфор, талаа шпаты жана башка заттар бар экени да аныкталган.
Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты