​Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда

  • 3 года мурун

Кыргызстанда уран жана торий кендерин иштетүүгө уруксат берүү сунушталууда. Энергетика жана өнөр жай министрлиги “Жер казынасын пайдалануу маселелери жөнүндө” мыйзам долбооруна өзгөртүүлөрдү киргизип, өкмөттүн сайтына коомдук талкууга койду.

Эгер мыйзам долбоору жактырылып, кабыл алына турган болсо, 100% мамлекетке караштуу ишканаларга уран жана торий иштетүүгө уруксат берилет.

Компаниялар инвесторлор менен биргелешкен ишкана ачып, иш алып барууга укуктуу. Бирок курамында уран жана торий бар чийки заттарды жана калдыктарды Кыргызстандын аймагына алып кирүүгө мурдагыдай эле тыюу салынат.

Эске сала кетсек, 2019-жылы Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциялары өтүп, жыйынтыгында кенди казууга уруксат алган «Кыргызстандагы ЮрАзия» компаниясынын лицензиясы токтотулган жана уран, торий кендерин иштетүүгө мораторий киргизилген.

Сүрөт интернет булактарынан алынды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты