Эгемендиктин 35 жылдыгы: Таласта майрамдык иш-чарага даярдык жүрүүдө
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
11–12-сентябрда Талас шаарында Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгынын 35 жылдыгына арналган маданий иш-чара өтөт.
Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, майрамдык иш-чарага кызуу даярдыктар жүрүп, маданий программа жана уюштуруу иштери жүргүзүлүүдө.
Кыргыз Республикасынын Көз карандысыздыгы адатта 31-августта майрамдалат. Ал эми 31-августта жана сентябрь айынын башында Кыргызстанда Шанхай Кызматташтык Уюумунун (ШКУ) саммити жана Көчмөндөр оюндары өткөрүлгөндүгүнө байланыштуу, Эгемендиктин майрамдык салтанатын 11-12-сентябрда өткөрүү пландалган. Быйыл Көз карандысыздык 35 жылдыгы Талас облусунда майрамдалат. Өткөн жылы майрам Жалал-Абад облусунда өткөрүлгөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




