Дүйнөлүк VI Көчмөндөр оюндары: Ири эл аралык иш-чара болду
- 1 неделя мурун
- Фоторепортаж
“Бишкек Арена”стадионунда өткөн VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи өттү. Ачылыш азем дүйнөнүн 106 өлкөсүнүн өкүлдөрүн бириктирген масштабдуу эл аралык иш-чара болду. Ага 2355 спортчу, машыктыруучу жана делегациялардын өкүлдөрү катышты.
Расмий бөлүк башталганга чейин иш-чаранын коноктору жана катышуучулары үчүн белгилүү ата мекендик эстрада ырчылары өнөрлөрүн тартуулашты.
Андан соң мамлекет башчысы сөз сүйлөп, анда ал VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучуларын куттуктап, дүйнө элдеринин маданий мурастарын жана салттарын сактоого жана жайылтууга өбөлгө түзгөн бул масштабдуу эл аралык спорттук форумдун маанисин белгиледи.
Азем катышуучу өлкөлөрдүн парады менен уланды. 106 мамлекеттин өкүлдөрү стадион майданынан өтүп, достук, тынчтык жана өз ара сый-урмат идеялары менен бириккен элдердин жана маданияттардын көп түрдүүлүгүн чагылдырды.













Сүрөттөр: Президенттин басма сөз кызматы




