Келерки жылы Эгемендик майрамы Талас облусунда белгиленет
- 9 месяцев мурун
2026-жылы Кыргызстандын эгемендик майрамы Талас облусунда белгиленет.
Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 30-августта Жалал-Абад шаарында облустун жаңы административдик имаратынын салтанаттуу ачылышында билдирди.
«Буга чейин берекелүү Чүй боорунда, ордолуу Ош шаарында өткөрүп келсек, быйыл Кыргызстандын Көз карандысыздык майрамын күн сайын кулпуруп бараткан Жалал-Абад шаарында белгилеп олтурабыз. Ар бир облуста өткөрүү чечими – мамлекетибиздин жети облусуна бирдей көңүл бурулуп жаткандыгынын, борбор – аймак деп бөлбөй, бир бүтүн, эгемен өлкө экенибизди даңазалоонун далили. Кудай буюрса, кийинки жылы 35 жылдыкты Талас облусунда өткөрөбүз»деди Жапаров.
2025-жылы Эгемендик майрамы Жалал-Абад облусунда өткөрүлүүдө.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




