Кудрет Тайчабаров “криминалга тиешеси бар” деген шек менен кармалды

  • 7 месяцев мурун

Ички иштер министрлиги уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен байланышта болушу мүмкүн деген шек менен Т.К.М. аттуу жаранды кармаганын билдирди. Ал тергөө иш-аракеттери үчүн Тергөө кызматына жеткирилген.

Инициалдар Кудрет Тайчабаровдун аты-жөнүнө дал келет. Тайчабаров буга чейин Жогорку Кеңешке талапкер болууга ниеттенип, бирок Камчы Көлбаев менен түшкөн сүрөтү тарагандан кийин БШК тарабынан каттоодон баш тартылган.

Ал мурда журналист, “Бишкек” эркин экономикалык аймагынын жана Туризмди өнүктүрүү фондунун жетекчиси болуп иштеген. Акыркы мезгилде социалдык тармактарда бийликти сындап келген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты