«Манас Ордодогу» жаңжал боюнча түшүндүрмө берилди
Социалдык тармактарда 22-августта курулуш министри Нурдан Орунтаев Таластагы «Манас-Ордо» комплексине барган кезде уруш чыкканы тууралуу видео тасма тараган.
Анда бир топ адам жаңжалдашып, кыйкырышып, сөгүнүп жатканын угуп-көрүүгө болот.
Ички иштер министрлиги билдиргендей, 22-августтагы окуя тууралуу маалымат боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Текшерүүнүн жүрүшүндө окуянын катышуучулары эч ким окуя боюнча даттанбай турганын билдиришкен. Учурда текшерүү улантылууда.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев УТРКга берген комментарийинде билдиргендей, өзү мушташкан эмес, тескерисинче жаңжалдын катышуучуларын ажыратууга аракет кылган.
Маалыматка караганда, конфликттин чыгышына курулушчу Данияр Айбашев менен жумушчунун ортосундагы түшүнбөстүк себеп болгон. Кийинчерээк тараптар өз ара тил табышып, маселени жөнгө салышкан.
-Курулушчу Данияр Айбашев мындай деп билдирген:
-Ал жерде жумушчу учур болуп, бир-эки түшүнбөстүк болуп кеткен. Бирок ал маселе боюнча өзүбүз чечишип алдык. Самат мырза, сиз бүт нерсени туура эмес көрсөтүп коюптурсуз, ал туура эмес, Нурдан Кемеловичтин (-Орунтаев-ред.) ал жерде тиешеси жок, ал жерде Эрмат Жумаевич адамдарды сооротуп, ажыраштырып жүргөн. Сөгүнгөн адам дагы Эрмат Жумаевич эмес. Курулушта ар кандай көрүнүштөр болот, биз күнү-түнү иштеп, буюрса, 11-сентябрда Талас жергесинде жакшы курулуш, майрам болуп, көптөгөн туристтер келип, жакшы болсун деген ойдо элебиз. Сиз мындай мамиле кылып, туура эмес нерсени көрсөтүп жатасысыздар. Бул туура эмес болуп жатат.Эрмат Жумаевич бизге күнү-түнү жардам берип, эмнени сурасак, жардам берүүдө. Жакында эле асфальт маселесин чечип берди, свет, техникадан жардам берип эле келе жатат,- деди Данияр Айбашев оекуяга түшүндүрмө берип.
Ал эми президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Айбашев мындай деди:
-Мен Самат Кушбек мырзага кайрылат элем, сиз жалган маалымат таратып, адамды каралабаңыз. Мен маалыматты тактап, анан чыгарууңузду талап кылат элем, биринчиден. Бул жерде “Манас Ордо” улуттук комплексинде Данияр мырзанын ич ара түшүнбөстүгү болуп кетти, алардын баарын чечишип алышты. Эч кандай бири-бирине нааразычылыктары жок. Ал эми өзүм жөнүндө айта турган болсом, ал жерде сөгүнүп жаткан да мен эмес, ал жерде 30дан ашык адам турган, ал жерде мен жөн гана бөлүштүрүп, “койгула, тынчыгыла” , ыйык жерде мындай кылбайлы деп тынчтыкка чакырып жаткам. Сиз болсо “бандит, ана-мына” деп адамды жаман көрсөтүп жатасыз. Ушул жерде таластыктар күбө жана калыс. Менин оюмча, Таласта кандай аракеттер болуп жатат, кандай иштерди алып барып жатабыз, эл менен, куруучулар менен мамилебиз кандай экенине эл баа берсин,- деди губернатор Эрмат Жумаев.
Социалдык тармактарда айтылган видео тасма жарыяланган.
Сүрөт: Социалдык тармактардан




