Садыр Жапаров Конституциялык сотко президентти шайлоо мөөнөтү тууралуу түшүндүрмө берүү боюнча кайрылды
- 1 месяц мурун
Садыр Жапаров Конституциялык сотко Конституция боюнча президенттик шайлоо мөөнөтү тууралуу расмий түшүндүрмө берүү өтүнүчү менен кайрылды. Бул тууралуу Конституциялык сот билдирди. Ал өтүнүч 17-февралда Конституциялык сот тарабынан каралат.
Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров Конституциянын 67-беренеси, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн абзацы, 72-беренесинин 1-бөлүгү ( 2021-жылдын 5-майындагы мыйзамдын редакциясы) жана алардын Кыргыз Республикасынын Конституциясынын нормаларына ылайык өз ара системалуу байланышы (Конституциянын 2010-жылдын 27-июнундагы редакциясы) жана 2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган 2011-жылдын 11-апрелиндеги Конституция тууралуу мыйзамынын жоболору боюнча президентти шайлоо жана мөөнөтүнөн мурда шайлоо тартиби боюнча расмий түшүндүрмө берүүнү өтүндү.
Конституциялык сот тарабынан президенттин өтүнүчү 17-февралда биринчи кезекте каралып, жазуу жүзүндө расмий түшүндүрмө берилери айтылды.
Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.
Кайрылууда мындай деп айтылат:
-Биз белгилеп кетчү жагдай, учурдагы мамлекет башчысы 2021-жылы эски Конституция боюнча 6 жылдык мөөнөткө шайланган. Ошол эле жылы, апрель айында, жалпы элдик добуш берүү аркылуу жаңы Конституция кабыл алынып, анда президент 5 жылга шайланары көрсөтүлгөн. 2021-жылдын 5-майында «Кыргыз Республикасынын Конституциясы жөнүндө» мыйзам күчүнө кирген. Анын 3-беренесинин 1-пунктунда мындай деп жазылган:
«2021-жылы 6 жылдык мөөнөткө шайланган Кыргыз Республикасынын президенти өз ыйгарым укуктарын Конституцияга ылайык жүзөгө ашырат. Анын 6 жылдык мөөнөтү ушул Конституция боюнча биринчи мөөнөт катары эсептелет».
Юристтер, укук таануучулар жана саясат таануучулар бул маселеде эки лагерге бөлүнүп, бири мөөнөтүнөн мурда шайлоо өтүшү зарыл десе, башкалары учурдагы президенттик мөөнөт бүткүчө күтүш керек деген пикирде.
«Жогоруда белгилеген өлкө алдындагы чакырыктарды жана президенттик шайлоого байланышкан талаштарды эске алуу менен, сиздерге өлкө президенти жана Жогорку Кеңештин төрагасы катары мүмкүн болушунча тез арада жаңы президенттик шайлоону өткөрүү демилгесин көтөрүүнү сунуштайбыз жана чакырабыз» деп жазылган Кайрылууда.
Кайрылууга кол койгон 75 адамдын арасынан Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектелип, Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев кармалды. ИИМ маалыматында кармалгандар Т.Б. , У.Э жана Д.К. деген инициалдар менен берилген.
75 адамдын аталган кайрылуусундагы айрым билдирүүлөрү калк арасында кызуу талкууга алынып, өлкө ичинде коомдук саясий кырдаалды курчуткандыгы ИИМ маалыматында айтылат.
Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон. Бүгүн кылмыш иши боюнча ИИМдин Тергөө кызматына кайрылууда көрсөтүлгөн 75 жаран алынып келинип, тергөө иши жүргүзүлгөн.
Сүрөт: Конституциялык сот




