Бишкек мэриясы «Алга» стадиону жеке менчикке өткөрүлбөгөнүн билдирди

  • 5 месяцев мурун

Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна «Алга» стадионун пайдалануу тартиби тууралуу маалымдады жана жеке менчикке өткөрүлдү деген маалыматтарга түшүндүрмө берди.

Маалыматта айтылгандай, стадиондун аймагында келгендердин ыңгайлуулугу үчүн үч кире бериш каралган: батыш, борбордук жана чыгыш.

Батыш кире бериши күрөш, футзал менен машыккан балдарга, ошондой эле футбол академиясынын тарбиялануучуларына арналган. Чыгыш кире беришин Славян университетинин студенттери  «Алга» мекемеси менен түзүлгөн келишимдин негизинде, ошондой эле шаар тургундары пайдаланышат.

Стадиондун борбордук бөлүгүнөн кирүү каралган эмес.

Чуркоо жолдору күн сайын саат 06:00дөн 11:00гө чейин бардык каалоочулар үчүн ачык.

Стадионго келгендердин коопсуздугун камсыз кылуу максатында төмөнкү чектөөлөр киргизилген: футбол машыгуулары учурунда (саат 11:00дөн 19:00гө чейин) чуркоо жолдоруна кирүү чектелет, аталган убакыт аралыгында жаракат албоо үчүн футбол талаасына чыгууга тыюу салынат; мелдег учурларында Кыргызстандын профессионалдык лигасынын регламентине ылайык чуркоо жолдору жабылат.

“Бишкек шаарынын мэриясы стадион жеке менчикке өткөрүлдү деп тараган маалымат чындыкка дал келбесин билдирет. Стадион мэриянын балансында турат жана муниципалдык менчик болуп саналат. Учурда «Алга» муниципалдык мекемеси биргелешкен ишмердүүлүк тууралуу келишимдин алкагында иш алып барууда” деп билдирди.

Бишкек мэриясы жалган маалымат тараткан видео авторуна карата мыйзамда белгиленген тартипте чара көрүү укугун өзүнө калтырарын маалымдайт.

Сүрөттө: «Алга» стадиону. КФБ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты