БШК Кудрет Тайчабаровду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 6-ноябрда, БШК жыйынында Кудрет Тайчабаровду депутаттыкка талапкер катары каттоодон баш тартты.

“Блондер пабда” Камчы Көлбаев менен сүрөткө түшүп, уюшкан кылмыштуу топко байланышы болгон деп ал ыкчам каттоого коюлгандыгы айтылды. ИИМдин өкүлү буга байланыштуу тергөө кызматында териштирүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Кудрет Тайчабаров кримтөбөл Камчы Көлбаев менен сүрөткө түшкөндөгү окуя 2021-жылы 6-октябрда болгонун билдирди. Анда Тайчабаров Бишкек эркин экономикалык аймагынын жетекчиси болуп иштеген. Кара-Балта СЭЗИнде мамлекеттик темир жол бутагын бирөөлөр тосуп алып, ким вагон киргизсе, 350 доллар бересиңер деп коркутуу болгон. Ошол маселени чечип бериңиз деп инвесторлор мага келген. Биздин субъект кетебиз деп калды. Ыкчам чечим жолу ушул болду: уюшкан кылмыштуу топтун башчысы делген Камчы Көлбаевге жолугуп, ушул маселени чечип берсин суранып көрөлү деп кайрылууну чечтик.

Кудрет Тайчабаров Камчы Көлбаевге кайрылып, инвестициялык климатка терс таасирин тийгизип жаткан көрүнүштү жоюуга жардам бериңиз деп айтканын билдирди. Мамлекеттик темир жол түйүнүн өзүнө өткөрүп алган бул мыйзамсыз. Экинчиден, муну кайтарыш керек. Мен Камчы Көлбаевге эгер патриот болсоңуз, ушул маселени чечип бериңиз деп кайрылдым. Атайын кызматтарга кайрылганда, таасир этилбейт, жообу келбейт экен дедим. Мен жеке колдорго өткөн темир жол бутагын мамлекетке кайтарам, кылмыштуу топ СЭЗге келбейт, ошого кепилдик катары сүрөткө түшүп, ошону көрсөтүңүз деп Көлбаев кепилдик бергендеги сүрөт деп айтты Тайчабаров.

Кудрет Тайчабаров “эгер ОПГ мүчөсү болсом, президент мени кызматка дайындамак эмес” деп билдирди.   

Жыйынтыгында БШК тарабынан Кудрет Тайчабаровду депутаттыкка талапкер катары каттабоо чечими чыгарылды.

БШК дагы бир нече талапкерди каттоодон баш тартты.

Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2025-жылдын 30-ноябрына дайындалды.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлдү, алардын ар биринде Жогорку Кеңештин 3төн депутаты 5 жылдык мөөнөткө шайланат.

БШКнын 11 мүчөсүнүн макулдугу менен Кудрет Тайчабаров депутаттыкка талапкерликке каттоого алынбасын деген чечим кабыл алынды.  

Сүрөттө: Кудрет Тайчабаров. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты