Эдил Байсалов депутаттардан кечирим сурады

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 13-сентябрда, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Жогорку Кеңештин депутаттарынан парламенттин трибунасында кечирим сурады.

Депутат Чыңгыз Айдарбеков Эдил Байсаловдун министрдин милдетин аткаруучуларды тааныштыра турганы максатка ылайыктуу эместигин, жаңы талапкерлерди президенттин жана Минкабинеттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Алмаз Абытов тааныштырышы керек экенин сунуштады.

Төрага Нурланбек Шакиев Байсалов башка маселе боюнча чакырылганын билдирди. Эдил Байсалов трибунага чыгып, эл өкүлдөрүнүн расмий түрдө кечирим сурады:

-Менин дарегиме айтылган сынды кабыл алам, бул боюнча кесе айта алам, мен эч качан Жогорку Кеңештин Конституциялык милдеттери жана укуктарына, эл шайлаган депутаттарды ыйгарым укуктары жана макамына, жалпы эле биздин мамлекетибиздеги элдик бийлик, демократияга шек келтиргенге укугум да, ниетим да жок, -деди Байсалов.

-Ошондуктан эмоцияга алдырып, кандайдыр ашыкча сөздөр болгон үчүн бүгүн дагы бир жолу расмий түрдө кечирим сураймын, -деди МинКаб төрагасынын орун басары Байсалов.  

Депутат Надира Нарматова Эдил Байсалов кечирим сураса эле кечирилип калбасын билдирип, анын отставкасын талап кыларын улантарын айтты. Депутат Шайлообек Атазов да Байсаловдун талаптагыдай иштей албай жатканын белгиледи.

21-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири депутаттар тарабынан көтөрүлдү.

22-июнда, Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу боюнча үч фракция- “Ата журт-Кыргызстан”, “Ишеним” “Мекенчил” тобу сунуш берген. Жогорку Кеңеште бул сунуш жактырылды.

20-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттар менен кайым айтышты.

Бул жерде баарыбыз мамлекетибизди сүйөбүз. Баарыбыз элге кызмат кылабыз. Элдин атынан, мага сүйлөбөй эле коюңуз. Эл шайлаган президент бар. Аткаруу бийлиги – президент. Президент Министрлер кабинетин түзүп, элдин атынан мага баа берет. Президенттин программасын аткарып жатабыз. Ал эми Конституция боюнча сиздин токтомдоруңуз кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ. Сиздер өкмөт эмессиздер” деп Эдил Байсалов Жамгырчиевге кайрылган.

Сүрөт: Интернет булактарнан.

         

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты