Жогорку Кеңеш Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу сунушун колдоду

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 22-июнда, Жогорку Кеңеште Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду кызматтан бошотуу боюнча үч фракция- «Ата журт-Кыргызстан», «Ишеним» «Мекенчил» тобу сунуш берген. Жогорку Кеңеште бул сунуш жактырылды.

Жалпы жыйынга Эдил Байсалов чакырылган эмес.

21-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири депутаттар тарабынан көтөрүлдү. 22-июнда да бул маселе көтөрдү.  

20-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттар менен кайым айтышты.

“Бул жерде баарыбыз мамлекетибизди сүйөбүз. Баарыбыз элге кызмат кылабыз. Элдин атынан, мага сүйлөбөй эле коюңуз. Эл шайлаган президент бар. Аткаруу бийлиги – президент. Президент Министрлер кабинетин түзүп, элдин атынан мага баа берет. Президенттин программасын аткарып жатабыз. Ал эми Конституция боюнча сиздин токтомдоруңуз кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ. Сиздер өкмөт эмессиздер” деп Эдил Байсалов Жамгырчиевге кайрылды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты