Парламентте Эдил Байсаловдун отставкасы сунушталды

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 21-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун Жогорку Кеңешке айткан сын-пикири депутаттар тарабынан көтөрүлдү.  

Депутат Мирлан Самыйкожо президенттин президенттин жана Министрлер кабинетинин өкүлү Алмаз Абытовдон жыйында Баш мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктары кандай жана кимдин атынан сүйлөй ала турганын билдирип коюуну өтүндү.

Төрага Нурлабек Шакиев бул маселе Эдил Байсалов тарабынан биринчи жолу болуп жатпаганын. Эдил Байсалов Министрлер кабинети менен Жогорку Кеңештин ортосунда ажырым салып жатканын, президент Садыр Жапаров менен жолугушууда да көтөрүлө турганын кошумчалады.

Ал эми депутат Эрулан Кокулов Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун отставкасын талап кыларын билдирди.  

20-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттар менен кайым айтышты.

“Бул жерде баарыбыз мамлекетибизди сүйөбүз. Баарыбыз элге кызмат кылабыз. Элдин атынан, мага сүйлөбөй эле коюңуз. Эл шайлаган президент бар. Аткаруу бийлиги – президент. Президент Министрлер кабинетин түзүп, элдин атынан мага баа берет. Президенттин программасын аткарып жатабыз. Ал эми Конституция боюнча сиздин токтомдоруңуз кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ. Сиздер өкмөт эмессиздер” деди Эдил Байсалов Жамгырчиевге кайрылды.

Сүрөттө: Эдил Байсалов. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты