«Силер өкмөт эмессиңер». Эдил Байсалов депутаттар менен кайым айтышты

  • 11 месяцев мурун

Бүгүн, 20-июндагы Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин отурумунда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов депутаттар менен кайым айтышты.

Депутат Эмил Жамгырчиев «Альянс» фракциясынын атынан деп Ботаникалык бакка тиккен дарактардын 30 пайызы соолуп калганын айтты.

Эдил Байсалов депутатка жооп кайтарды. «Ботаникалык бак — илимий институт. Мына урматтуу депутат, сиз 300 бак тиктим деп мактанып жатасыз. Кыянатчылык менен барып, илимий институттун жергесинде тиккен бактарыңыз боюнча чоң сөз болгон. Ар бир тигилген бактын өзүнүн системасы болот. Биз азыр деле паркта каалаган жерге дарак отургузба деп жатабыз. Биз муну токтотушубуз керек. Ар бир дарак өзүнүн системасы боюнча өсөт. Ботаникалык бакты айтпай эле коёюн», — деди ал.

Аталган комитеттин төрайымы депутат Винера Раимбачарова Байсаловду жекеликке өтпөөгө чакырды.

Байсалов президенттин программасын аткарып жатканын билдирди. «Бул жерде баарыбыз мамлекетибизди сүйөбүз. Баарыбыз элге кызмат кылабыз. Элдин атынан, мага сүйлөбөлөбөй эле коюңуз. Эл шайлаган президент бар. Аткаруу бийлиги — президент. Президент Министрлер кабинетин түзүп, элдин атынан мага баа берет. Президенттин программасын аткарып жатабыз. Ал эми Конституция боюнча сиздин токтомдоруңуз кеңеш берүүчү мүнөзгө ээ. Сиздер өкмөт эмессиздер», — деп ал Жамгырчиевге кайрылды.

Эмил Жамгырчиев: «Винера Калыбековна, сиз модераторсуз. Сиз кандай тартипте алып барсаңыз, жыйын ошондой өтөт. Тилекке каршы, азыр сиздин аброюңузга шек келип жатат. Биз Министрлер кабинетине барган жокпуз, биз парламентте өзүбүздүн төрүбүздө отурабыз. Сындап эч нерсе айткан жокпуз. Биринчиден, 300дөй даракты эч ким жашырган эмес. Бул Ботаникалык бактын жетекчилиги жана кызматкерлери менен баары макулдашылган. Экинчиден, сиздин президенттин кол алдында иштейм, калганыңарды тааныбайм деген сөзүңүз көп чыгып жатат. Өзүңүздүн кылган ишиңиз менен аброюңузду көтөрүңүз», — деди Жамгырчиев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты