Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду

  • 2 года мурун

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан бошотулду. Бул тууралуу жарлыкка Президент Садыр Жапаров кол койду.

Буга чейин Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилген. Башкы прокуратура 13-сентябрда энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча 2 кылмыш иши козгогон.

“Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок, мунун баарын менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм” деди Доскул Бекмурзаев.   

Сүрөттө: Доскул Бекмурзаев. Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты