Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

  • 2 года мурун

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Доскул Бекмурзаев тергөө мезгилине кызматынан убактылуу четтетилди.

Башкы прокуратура 13-сентябрда, энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголгонун билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты