Башкы прокуратура: Энергетика министри Доскул Бекмурзаевге 2 кылмыш иши козголду

  • 2 года мурун

Башкы прокуратура тарабынан энергетика министри Доскул Бекмурзаевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактылары боюнча 2 кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Атап айтканда, 2021-2022-жылдары энергетика министри Доскул Бекмурзаев кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтын кызыкчылыгына каршы, тийиштүү тармакта адис эмес кызматкерлерди мамлекеттик бюджеттин эсебинен Бириккен Араб Эмираттарына, Түркия, Өзбекстан жана Россияга кызматтык иш сапарларына негизсиз жөнөтүп, натыйжада мамлекетке олуттуу материалдык зыян келтирилген.

Мындан тышкары министр Доскул Бекмурзаев кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланып, “Теплые ключи” ден соолукту чындоо комплексинин объекттерин капиталдык оңдоодо  “Б” ЖЧКга жалпысынан 15 млн. сомдон ашык зыян келтирилген.

Натыйжада энергетика министри Доскул Бекмурзаевдин кылмыштуу аракеттеринен улам мамлекеттин жана жеке  жактардын кызыкчылыктары одоно түрдө бузулуп, аларга ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты