Саламаттык сактоо министрлиги дарыгер-нефрологдун кармалышына байланыштуу кайрылуу жасады
- 2 месяца мурун
Дарыгер-нефрологдун кармалышы тууралуу тарап жаткан маалыматтарга байланыштуу кайрылуу жасады. Саламаттык сактоо министрлиги иликтөө мыйзам алкагында, ыйгарым укуктуу укук коргоо органдары тарабынан иштин жагдайларын бардык медициналык жана эксперттик корутундуларды эске алуу менен объективдүү, ар тараптуу жана калыс каралышы зарылдыгын баса белгиледи.
«Саламаттык сактоо министрлиги мыйзамдуулуктун сакталышын, бейтаптардын жана медицина кызматкерлеринин укуктарын коргоону, ошондой эле фактыларга жана кесиптик экспертизага гана негизделген адилет укуктук баа берүүнү колдойт. Саламаттык сактоо министри Каныбек Досмамбетов маалымат алынар замат компетенттүү мамлекеттик органдар менен байланышып, иштин жагдайларын бардык медициналык жана эксперттик корутундуларды эске алуу менен объективдүү, ар тараптуу жана калыс кароо зарылдыгын баса белгиледи. Ошондой эле эркиндигинен ажыратууга байланышпаган бөгөт коюу чарасын колдонуу мүмкүнчүлүгүн кароо маанилүү экенин сунуштады” деп айтылат маалыматта.
Нефрологдун кармалышы тууралуу бүгүн, 19-февралда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Гүлнара Баатырова медициналык коомчулуктун атынан кайрылуу келгенин билдирди.
Депутат кечээ Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун бөлүм башчысы, жалгыз нефролог кармалып калганын, медициналык кызматкерлеринин кайрылуусу тууралуу айтып, тергөө адилеттүү, акыйкат чечилерине ишенимин билдирди.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы тарабынан Улуттук эне жана баланы коргоо борборунун врач-нефрологу Насира Бейшебаева кармалган.
2025-жылдын 25-августунда укук коргоо органдарына З.С. аталган дарылоо жайдын врачынын жаңылыш дарылагандыгы мүмкүн экенин, анын кесепетинен бейтаптын ден соолугуна кесепети тийгендиги боюнча арыз жазган. Анда 2024-жылы врач-нефролог 2011-жылы туулган К.А. ны дарылоодон кийин бейтап оор кесепетке туш келип, оң бутун ампутациялоого дуушар болгондугун билдирген. Бул арыз боюнча кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү боюнча, кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Дарыгер Бишкек шаарынын убактылуу камак жайына киргизилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




