Бишкек шаардык сотунун чечими менен врач-нефролог камакка алынды

Бишкек шаардык соту врач-нефрологду үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды.

Бул тууралуу соттолгон Н.Б.нын жактоочусу Евгения Крапивина социалдык тармактарда билдирди.

Жактоочу белгилегендей, Бишкек шаардык соту 10-сентябрда Ленин райондук сотунун чечимин өзгөрттү. Дарыгер-нефролог Н.Б.ны үч жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Жаза өтөөнүн пробациялык режими жокко чыгарылып, дарыгер сот залынан камакка алынды.  

2025-жылдын 25-августунда укук коргоо органдарына З.С. аталган дарылоо жайдын врачынын жаңылыш дарылагандыгы мүмкүн экенин, анын кесепетинен бейтаптын ден соолугуна кесепети тийгендиги боюнча арыз жазган. Анда 2024-жылы врач-нефролог 2011-жылы туулган К.А. ны дарылоодон кийин бейтап оор кесепетке туш келип, оң бутун ампутациялоого дуушар болгондугун билдирген.

Бул арыз боюнча кылмыш-жаза кодексинин 146-беренесинин 2-бөлүгү боюнча, кесиптик милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы боюнча кылмыш иши козголгон. Дарыгер Бишкек шаарынын убактылуу камак жайына киргизилген.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун 19-февралдагы чечими менен Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун врач-нефрологу  Н. Б. үй камагына чыгарылган.

Сүрөттө: Врач-нефролог. Бишкек шаардык милициясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты