Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырарын билдирди
- 2 месяца мурун
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, депутат Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшыра турганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.
-Ачыгын айтсам, акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим. Мага чоң ишеним менен добуш берген шайлоочуларыма ыраазычылык билдирүү менен мөөнөтүмөн эрте депутаттыктан кетип жатканым үчүн кечирим сурайм, -деп жазды Тургунбек уулу
Тургунбек уулу ошондой эле “75тин кайрылуусу” тууралуу билген эместигин айтты:
-Соңку күндөрү саясий айдыңда жеке менин дарегиме ар кандай туура эмес, такталбаган маалыматтар тарап жатат. Касиеттүү Орозонун күнүндө жана Кудай алдында ачык айтайын, мен эч бир интригаларга, айрыкча, жетимиш беш ардагердин кайрылуусуна да, кол топтоосуна да такыр аралашкан эмесмин. Коомдо терс пикир жараткан кат Түркияга сапар тартып жаткан чагымда ММКларга жарыяланды. Тагыраагы, мен ошондо билдим. Жооп берүүгө убакыт жетпеди,- деди Нурланбек Тургунбек уулу.
Ошондой эле төрагалык ишине тарых өз баасын берерин айтты:
-Учурдан пайдаланып айта кетсем, мен Жогорку Кеңештин төрагасы болуп турган мезгилде мамлекет үчүн, эл үчүн бир топ демилгелер көтөрүлүп, маанилүү мыйзамдар кабыл алынды. Албетте, ал чечимдердин баарына эле коомчулук бирдей көз карашта болгон жок. Ошентсе да, менин ар бир сөзүм, чечимим жана иш-аракетим өзүм үчүн эмес, мамлекет үчүн, элдин кызыкчылыгы жана келечек муун үчүн жасалды. Бүгүн биздин ишмердүүлүккө жана азыркы кырдаалга ар кандай баалар берилиши мүмкүн. Бирок мен толук ишенем — убакыт өтүп, ар бир ишке тарых өзүнүн калыс баасын берет. Кечиримдүүлүк — бул биздин айкөл элибиздин мүнөзү. Кечиримдүү бололу. Эң башкысы кыргыз элим аман болсун. Өлкөбүзгө саясий туруктуулукту жана биримдикти тилейм! Орозоңуздар кабыл болсун! -деп жазды депутат Нурланбек Тургунбек уулу Фейсбук баракчасында.
12-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу Түркияга расмий сапары тууралуу, өлкөдөгү саясий оош-кыйыштар болуп кеткенин айтып, өз ыктыяры менен төрагалыктан кетүүнү суранган.
Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүдө Марлен Маматалиевдин талапкерлигине 77 депутат макулдук берген, каршы 5 добуш берилди.
Сүрөттө: Нурланбек Тургунбек уулу. kenesh.kg




