Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды
- 4 недели мурун
Депутат Марлен Маматалиев Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланды. Жашыруун добуш берүүдө Марлен Маматалиевдин талапкерлигине 77 депутат макулдук берген, каршы 5 добуш берилди.
«Ата-Журт», «Ала-Тоо», «Элдик», «Мекенчил» жана «Адилет Кыргызстан» депутаттык топтору Жогорку Кеңештин төрагасы кызматына Жогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиевдин талапкерлигин көрсөтүштү.
44 жаштагы депутат Марлен Маматалиев Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинин маалыматтык технологиялар факультетин аяктаган. Социалдык фонддо, Экономика, Финансы министрликтеринде, өкмөттө, ишкерликте иштеген. 2018-жылы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына “Республика — Ата Журт” партиясынан, 2020-жылы “Мекеним Кыргызстан” партиясынан, 2021-жылы жана азыркы учурда “Ынтымак” партиясынан депутат.
Марлен Маматалиев президентке, депутаттарга ыраазылык билдирди.
Бүгүн, 12-февралда, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу өз ыктыяры менен кызматтан кетүү арызын жазды.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Конституциянын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктуна, 71-беренесине ылайык, Ташиев Камчыбек Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматтарынан бошотулду. Андан кийин төрага Нурланбек Тургунбек уулунун да кетээри тууралуу сөз жүргөн.
Депутат Камила Талиева спикер эки ортодо Тургунбек уулу курмандыкка чалынып калганын билдирди.




