Абактан кат. Эркин журналист Канышай Мамыркулова коомчулукка кайрылды

  • 2 недели мурун

Эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулова абактан коомчулукка кат жолдоп, коюлуп жаткан беренелер боюнча кылмышты жасабаганын айтып, шаардык сотто колдоого муктаж экендигин билдирди. Кат Аманбол Бабакуловдун Фейсбук баракчасына  жарыяланды.

-Мен адам өлтүргөнүм, мамлекетти тоногонум, пара алганым жок. Коомчулуктун укуктук, саясый, экономикалык, социалдык, маселелерин эле пост кылып чагылдырып келдим. Ал эми мага козголгон кылмыш иши боюнча айтсам, КЖКнын 278-беренесинин 3-бөлүмү жана 330- беренесинин 1-бөлүгүнө жаткан кылмышты эч качан жасаган эмесмин жана жасабайм. Муну тараптардын бардыгы жакшы билишет. Коомчулуктун каалаганын каалагандай формада жазып, көкөйлөрүнө тийген үчүн асмандан-жерден алып, кылмыш иш “токулду”,-деп жазды Канышай Мамыркулова.  

Ошондой эле эркин журналист Мамыркулова запкы жегендердин бардыгын колдоп келгенин, эми өзү колдоого муктаж экенин билдирди:  

-Бийлик үчүн мен кылмыш кылганым жок. ООНго чейин арызданып, Атай Бейшенбек баш болуп, ФБ колдонуучулар төш болуп, “Агрессор” деп үч жыл мурун кыйкырганда, кылмыш болбойт. Ошону эстетип койгон мага кылмыш иши илинип калабы? Акты ак, көктү көк дейли. Бул өмүр кыска, ширеңкедей эле, акыбызды жешпейли. Кыргыз бийлиги жана ага кызмат кылгандар каалаганына жетти. Буга деле таарыныч, азырынча жок, анткени менин ишим шаардык сотто каралат. Ушуга чейин Алмаз Атамбаев, Өмүрбек Текебаев, Адахан Мадумаров, кемпир-абадчылар, журналисттер, айтор камалган, “запкы жедик” дегендин бардыгына ФБда какшап, колдоо көрсөтүп келгем. Бул үчүн мени эч ким жалдаган эмес. “Жарандык милдетим” деп гана акыйкатты, калыстыкты айтып келдим, бүгүн колдоого муктажмын”,-деди.

-Бүгүнкү күнгө чейин колдоп жаткан жалпыга маалымдоо каражаттарына, кесиптештерге, айрыкча “Институт Медиа полиси” жана “Кылым шамы” уюмуна, Акынбек Ногоевге, Асел Аргымбаевага, Нурбек Сыдыковго, Акмат Алагушевге, Мунарбек байкеге, бүгүнкүгө чейин кабар алып жаткан мамилелеш жакындарга ыраазычылык билдирем. Албетте, тизме узун болгондуктан жаза албадым Жүрөгүмдөсүңөр!

Булардын сап башында Азиза эже тургандыгы талашсыз. Ток этээри, “эже сизди, сиздин принциптерди сыйлайбыз” деп кулагыма айткан, ФБга жазган санаалаштардын бардыгын, коомчулукту, Бишкек шаардык сотунда карала турган ишке байланыштуу келип, колдоп берүүңуздөрдү өтүнөм,-деди Канышай Мамыркулова.  

-Шаардык сотко Канышай Мамыркулованы колдоп келген адамдардын санына карап, чечим чыгара беришсин, капачылыгым болбойт. “Эжеке, инилериңиз кандай абал болбосун колдойбуз, сиздин принциптүү, калыс мүнөзүңуздү сыйлайбыз” деген көптөгөн инилерим колдоп, сотко келип бере алышпаса, эжеке айла жок, тизелейт, туурасы ушул, коомчулук түшүнөт, туугандарым наалып басылышат, фейктер жамандайт, ошону менен мезгилдер өтө берет. СИЗОдон чыксам элдин бетин түз карайм, бетим күйгөн жок, кылмыш кылган эмесмин,- деп жазды эркин журналист Канышай Мамыркулова.  

22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов районунда эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.

“Социалдык тармактарда мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбук” социалдык тармагынан Кыргызстан-Тажикстан чек арасы боюнча жалган маалыматтарды таратып, коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу менен Кыргыз Республикасынын аймагында массалык баш аламандыктарды уюштурууга багытталган чакырыктарды, ошондой эле коңшу өлкөлөрдүн жана кыргыз жарандарынын ортосундагы улуттар аралык кастыкты козуткан аракеттерди жасаган Канышай Мамыркулова аттуу колдонуучу аныкталган” деп билдирди Бишкек шаардык ИИББ басма сөз кызматы.

Канышай Мамыркуловага кылмыш-жаза кодексинин 278 жана 330-беренелери боюнча айып тагылганы белгилүү болду.

Шаардык соттун качан болору, азырынча айтыла элек.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты