Депутат Надира Нарматованын бажыда иштеген уулу кармалганы айтылууда

  • 12 месяцев мурун

Депутат Надира Нарматованын уулу, Ош бажы тармагынын бажылык документтештирүү тобунун башкы инспектору Азатбек Нурдинов коррупциялык схема түзүүгө шектелип кармалганы айтылууда.

Бул тууралуу өздүк булактар маалымдады. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы маалыматты тактагандан кийин билдирерин айтты.

Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бажыдагы чоң коррупциялык схеманын ачылгандыгын маалымдаган. Алардын арасында башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси да бажыдагы чоң коррупциялык схемага катышууга шектелип кармалганы айтылган.

Уулу коррупциялык схемага шектелип жаткан Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова чет жактардан каржы алган ЖМК, бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк агент” макамын ыйгаруу маселеси менен парламентке кайрылган. 

Нарматова чет жактан каржы алган ЖМКлар жана уюмдар элди бөлүп-жарып жатканын айткан. “Чет элдик тыңчылар” жөнүндөгү мыйзам 2014-жылы 26-майда Турсунбай Бакир уулу, Нуркамил Мадалиев жана Надира Нарматова тарабынан Жогорку Кеңешке сунушталган. Мыйзам долбооруна ылайык, “саясий ишмердүүлүк менен” алектенген коммерциялык эмес уюмдар “чет элдик тыңчы” макамын алышат. Бирок ошол эле маалда мыйзам долбоорунун авторлору “саясий ишмердүүлүк” түшүнүгүнө так аныктама бере алышкан эмес. 

Россиянын Ош шаарындагы консулдугун имараты Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага таандык экени да белгилүү болгон.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты