Ош шаарындагы Россиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык экендиги чындык

Burulkan Usmanali аттуу Фейсбук колдонуучусу Оштогу Россиянын консулдугу жайгашкан имарат Жогорку Кеңештин чуулгандуу депутаты Надира Нарматовага таандыкпы деген суроо менен иликтөөчү журналисттерге кайрылды. 

Иликтөөчү журналисттер, Оштогу Россиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык деген маалыматты текшерип көрөсүңөрбү?”, — деген ал билдирүүсүндө. 

Ош шаарындагы Россиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык экендиги чындык

“ПолитКлиника” медиасы бул маалыматты текшерип көрдү. 

Россиянын Ош шаарындагы консулдугу К.Бобулова 77 дарегинде жайгашкан. Бул консулдуктун расмий сайтында дагы көрсөтүлгөн. 

Ош шаарындагы Россиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык экендиги чындык

Аталган даректи «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин маалымат базасынан текшерип көргөндө, учурдагы ээси катары Жогорку Кеңештин депутаты Нарматова Надира Азимовна өзү чыкты. Даректин тарыхчасында Россиянын консулдугу ал имаратты 2009-жылдан бери ижарага алары көрсөтүлгөн. Аталган имарат кошумча банкта күрөөдө турат. 

Ош шаарындагы Россиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык экендиги чындык
Ош шаарындагы Россиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык экендиги чындык

Чуулгандуу депутат Надира Нарматова ким?

Надира Нарматова бийликчил делген “Ата-Журт — Кыргызстан” партиясынан депутат болуп келген. 2022-жылдын февраль айында “Чет өлкөлүк агенттер” тууралуу мыйзамды кабыл алууну сунуштаганы менен белгилүү. Аталган мыйзам долбоору буга чейин, 2014-жылы Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова жана Нуркамил Мадалиевдер тарабынан да демилгеленген эле. 

Тилекке каршы, акыркы мезгилде көрүп жатасыңар, мамлекет ичинде бейөкмөт уюмдар түрдүү багытта чуру-чуу салып, Кыргыз мамлекетинин ичинде тынчтык бербей келет. Ошондуктан төрага сизден суранам, сунуш кылам, 5-чакырылыштагы мыйзам долбоорун кайрадан көтөрүп, чыкканга протоколдук тапшырма берсеңиз. Биздин мамлекеттин тынчтыгы үчүн, бейөкмөт уюмдар тууралуу мыйзам долбоорун кайрадан көтөрүп чыгып, «чет өлкөлүк агент» макамын бермейинче, биздин, Кыргыз мамлекетинде тынчтык болбойт экен. Сырттан каржыланган бейөкмөт уюмдар иштеп жаткан бийлик бутактарына да тынчтык бербей, бийликке, ичине киргенге аракет кылып жатат, биздин мамлекеттин өнүгүүсүнө тоскоолдук кылып жатат”, — деп билдирген ал 2022-жылы. 

 “ПолитКлиника” Депутат Надира Нарматова демилгелеген “Чет өлкөлүк агент” мыйзам долбоорунун мазмунун дагы анализдеп көргөн. Жыйынтыгында, мыйзам долбоору Россиянын дал ушундай эле мыйзамынан көчүрүлүп алынганы далилденген. 

Ош шаарындагы Россиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык экендиги чындык

Россияда четтен каржыланган бейөкмөт уюмдарды «тыңчы» катары таануу боюнча мыйзам 2012-жылы кабыл алынган.  Алгач “чет элдик агент” деп юридикалык жактар, мисалы, ЖМКлар гана аталса, 2020-жылдын соңунан баштап, жарандыгына карабастан жөнөкөй жарандар да “чет элдик тыңчы” катары тааныла баштаган.

Азыркы учурда бул мыйзам менен ар бир жаран кандайдыр бир жолдор аркылуу (жөнөкөй сүйлөшүүдөн башка) маалымат таратса, чет өлкөлүк же чек өлкөдөн каржылык колдоо алган орусиялык компания менен каржылык байланышы болуп, андан кандайдыр бир материалдык баалуулуктарды алса, ал “чет элдик ЖМК агенти” катары таанылышы мүмкүн.

Эркин ЖМКларга каршы депутат

2022-жылдын 12-октябрында Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев кесиптеши Надира Нарматова «Клооп», «Азаттык» жана “Кактус Медиа” ЖМКларын жабуу үчүн кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке каккан. Ошондон кийин эле, 13-октябрда, “Азаттык Медиасынын” кеңсесинин алдында “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус” медиалары жабылсын деген талап менен митинг болуп өттү. “ПолитКлиника” аталган митингге ар кандай провокациялык митингдин “туруктуу” катышуучулары келгендигин аныктаган

Ош шаарындагы Россиянын консулдугунун имараты Надира Нарматовага таандык экендиги чындык

Буга чейин дагы Надира Нарматова Ошто “Азаттыктын” кеңсесинин ачылуусуна каршы пикирин билдирген. Ал  “Мага дагы шайлоочулар телефон чалышты. «Азаттык» Кыргызстандын тескери жактарын көрсөтүп келе жаткандарын көрүп келебиз. Элдин кыжырын кайнатпай, коопсуздукка шек келтирбей, ушул жердеги кеңсесин жаап койсок ашыктык кылбайт. Жогорку Кеңештин төрагасы катары ушул маселеге чекит коюуну суранам», — деп кайрылган. 

Депутат Нарматова 2022-жылдын 9-мартында укук коргоо органдарына кайрылып, 8-марттагы тынчтык жүрүштүн уюштуруучуларына чара көрүүнү суранган. Бул жылы жөө жүрүш гендердик теңчилик темасына гана эмес, Украинада тынчтык орнотууга да арналган. Нарматова жөө жүрүштү бейөкмөт уюмдар уюштуруп, Орусиянын Украинага каршы согушунда Кыргызстандын бейтараптыгын бузганын билдирген. Ошол эле учурда депутат «бейтараптуулукту бузуу» эмне экенин түшүндүргөн эмес. 

Жыйынтык: Россиянын Ош шаарындагы консулдугун имараты Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматовага таандык экени чындык. Нарматова Россиялык мыйзамдын аналогу болгон “Чет өлкөлүк агент” чуулгандуу мыйзам долбоорунун авторлорунун бири катары белгилүү. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты