Ташиев: «Башкы прокурордун кайниси кармалды. Бирок Зулушев экөөбүздүн ортобузда пикир келишпестик жок»

Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин кайниси бажыдагы чоң коррупциялык схемага катышууга шектелип кармалды. Бул тууралуу маалыматты Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев ЖМКга тастыктады.

Анын айтымында, Башкы прокурор Курманкул Зулушев менен анын ортосунда эч кандай пикир келишпестиктер жок.

-Менин жана Башкы прокурор Курманкул Токторалиевичтин (-Зулушев-ред.) ортобузда эч кандай пикир келишпестиктер жок. Биз мыйзам чегинде, ар бирибиз өзүбүздүн милдеттерибиздин негизинде иш алып барып жатабыз. Ал эми адамдардын кармалышы боюнча, эки күндөн бери биз бажыдагы өтө чоң коррупциялык схеманы кармап, алып чыктык. Ошонун негизинде кечээ түнү менен иштеп, 8 адамды кармадык.

Алар кимдер? Алар бажыда иштегендер, жүк ташыгандар, Кытайдан өзүбүзгө жүк ташып өткөндөр. Негизинен бул жерде чоң суммадагы коррупциялык схема иштеп турган. Алдын ала айтуулар боюнча, бюджетке миллиард сомдун тегерегинде зыян келтирилген. Ошолордун арасында Курманкул Токторалиевичтин кайниси бар экени чындык. Ал дагы азыркы күндө сурак берип жатат.

Бул ишке Курманкул Токторалиевичтин эч кандай тиешеси жок. Эгерде анын кайниси камалса, мамлекетке келтирилген чыгымды мыйзам чегинде  толуктайт жана жазасын алат. Эгерде андай болбосо, анда жазадан бошотулат,-деди УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты