Депутат Малиевдин Германиядагы элчилик боюнча пикирине ТИМ жооп берди

  • 2 месяца мурун

Депутат Арсланбек Малиевдин Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасынын Германиядагы элчилиги тарабынан A.Aldoukhova жана U.Ditterbrant аттуу чет өлкөлүк жарандардын Кыргыз Республикасынын визасын алуу тууралуу кайрылуусун кароо учурундагы аткарылган мыйзамсыз аракеттер боюнча билдирүүсүнө байланыштуу бышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

“Жогоруда аталган жарандар Кыргыз Республикасынын визасын алуу үчүн Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилик аркылуу эмес, “Электрондук виза” порталы аркылуу кайрылышкан. Чындыгында, депутат А.К. Малиевдин визалык процесске көмөк көрсөтүү өтүнүчүнө жооп катары министрлик эл өкүлунө электрондук виза алуу тартиби, анын баасы жана чет өлкөлүк жарандардын арыздарын кароо мөөнөтү боюнча түшүндүрмө берген. Ошону менен бирге, Министрлик жогорудагы жарандар “Электрондук виза” порталы аркылуу виза алуу өтүнүчү менен бир нече жолу кайрылышканын жана бардык кайрылуулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын алкагында каралгандыгын белгилейт” деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн, 29-январда, парламент жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандын Германиядагы элчилиги боюнча маселе көтөрдү.

“Элчиликте кызматкерлер, балким, коррупцияга киришип жатат. Эмне себептен? Мына, азыр силерге көрсөтөйүн. 15-ноябрда Германиянын жараны визага кайрылат, бирок негедир визасын бербейт. Айласы жок, кайра акча төлөгөнгө мажбур болуп, 15-январда экинчи жолу төлөп жатат. Бул  “вымогательство” (опузалоо-ред.)  болуп жатат” деди Малиев. “Тышкы иштер министрлиги кайрылгандан кийин гана виза берди» деди депутат.  

Малиев мындай мисал Германиядагы элчиликте дагы бар экенин, ошол үчүн “президентке ушул маселени коюп, элчиликтин иштерин ордуна коюп койсун” деп айтты.   

Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2022-жылдын февралында дайындалган. 2024-жылы Текебаев Берлин шаарындагы резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды.

Сүрөттө: ТИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты