Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы элчиси болуп дайындалды

  • 2 года мурун

«Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу «Ата-Мекен» партиясынын басма сөз кызматынан маалымдашты.

Маалыматка ылайык, тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров 3-февралда кол койгон.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын Германиядагы элчиси кызматына Текебаевдин талапкерлиги каралып жатканы жөнүндө маалымат айтылып келген. Бирок саясатчы бул маалыматты өзү тастыктаган эмес.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты