Депутат Малиев Германиядагы элчиликти текшерүү маселесин көтөрдү
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 29-январда, парламент жыйынында депутат Арсланбек Малиев Кыргызстандын Германиядагы элчилиги боюнча маселе көтөрдү.
“Элчиликте кызматкерлер, балким, коррупцияга киришип жатат. Эмне себептен? Мына, азыр силерге көрсөтөйүн. 15-ноябрда Германиянын жараны визага кайрылат, бирок негедир визасын бербейт. Айласы жок, кайра акча төлөгөнгө мажбур болуп, 15-январда экинчи жолу төлөп жатат. Бул “вымогательство”, (опузалоо-ред.) болуп жатат” деди Малиев. “Тышкы иштер министрлиги кайрылгандан кийин гана виза берди» деди депутат.
Малиев мындай мисал Германиядагы элчиликте дагы бар экенин, ошол үчүн “президентке ушул маселени коюп, элчиликтин иштерин ордуна коюп койсун” деп айтты.
Өмүрбек Текебаев Кыргызстандын Германиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп 2022-жылдын февралында дайындалган. 2024-жылы Текебаев Берлин шаарындагы резиденциясын айкалыштыруу менен Кыргызстандын Финляндиядагы элчиси болуп дайындалды.
Сүрөттө: Арсланбек Малиев. kenesh.kg