Депутат Мадумаров: Абал курчуп кете электе Кемпир-Абад боюнча маалымат берип коюшсун

  • 2 года мурун

Бүгүн, 6-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Адахан Мадумаров абал курчуп кете электе Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча тиешелүү кызмат адамдары маалымат берип коюшсун деген пикирин билдирди.

-Кечээ биз Өзгөн районуна барып, эл менен жолугушуу өткөрдүк деп жарыя кылгандан кийин, мен өзүмдүн пикиримди айтканмын. Ал жерде эл жок, анча-мынча кишилер менен “спектакль” сыяктуу жолугушуу болгон сыяктуу деп. Кечээ ошол жерде мен талап кылдым эле, айылдык кеңештин депутаттарынын чечими керек деп. Себеби жердин ээси – эл. Биздин бүгүнкү, ушул саатка алган маалыматка караганда, эки айыл кеңишинин депутаттары, канча депутат катышып отурган болсо, ошолордун баары толугу менен бир добуштан каршы добуш беришти.

Анын үстүнө элдин нааразычылыгы күчөп, анча-мынча өздөрүнүн иш-чараларын уюштуруп жатышса, түнкү саат 1лерде, ошол иш-чараны көрсөтөбүз деген кишилерге күч колдонуу менен, боз үйлөрдү күч колдонуу менен жыйнаштырып, кандайдыр жакшы эмес иш-аракеттер болду.

Ошондуктан азыр Өзгөн районунда түзүлгөн кырдаал боюнча тапшырманы ким берет, айылдык кеңештин депутаттары менен кеңешип, чечим чыгарып койгула деген. Мына, Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча нукура райондун элинин пикири ушундай. Жанагы безилдеп, эл колдоду деген башка маселе. Абал курчуп кете электе ким жооп берсе, жообун, маалыматты так берип койсун, деди Адахан Мадумаров.

Буга чейин депутат Мадумаров 28-сентябрда, Жогорку Кеңештини жалпы жыйыныда Кемпир-Абад маселелси жана парламенттин ичине Коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин автомат көтөрүп келиши тууралуу маселе көтөргөн.

-“Кемпир-Абад кетиптир” деген ызы-чуу аябай катуу кетип жатат. Биз да өткөндө сунуш кылганбыз, беш айыл өкмөтүнүн жашоочулары менен жолукмайынча,  бул маселени токтотуп турсаңыздар деп. Макул болушкан, Президенти да, өкмөтү да, баары отурган. Бирок жең-учунан барып кол коюп бергендиги, аны теледен айттырып жибергенлдиги өлкөдө катуу будуң-чаң жаратууда,-деген.

Президент Садыр Жапаров 4-октябрда Ош облусуна караштуу Өзгөн районуна барып Кемпир-Абад маселесинен улам эл менен жолугушуу өткөрдү Чогулган айрым тургундар президенттен жабык эмес, ачык жыйын өткөрүүнү, бардык суроолорго ачык жооп беришин, сыртка чыгышын талап кылышты.

4-октябрда “Т-Медиа» басылмасы жана КЛООПтун Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча жыйынынан алып берген түз эфирлери белгисиз себептерлен улам өчүрүлгөнүн кабарлашты.

Былтыр мартта Ташкентте чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кыргыз-өзбек өкмөт аралык комиссиясынын жыйыны өткөн, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Ташиев эки өлкө анда Кемпир-Абад суу сактагычынын (Өзбекстандагы аталышы – Анжиян суу сактагычы) плотинасын Өзбекстандын аймагы деп калтырып, анын суу ресурстарын чогуу пайдаланууну макулдашканын билдирген. Ал кыргызстандыктар Кемпир-Абаддын суусунан толук пайдалана аларын белгилеген жана чек арада жер берүү деген эми болбой турганын, алмашуу гана болорун белгилеген.

Президент Садыр Жапаров кыргыз-өзбек чек арасы боюнча соңку кадамдарды тарыхый мааниге ээ деп эсептей турганын айткан. Бийликтин бул билдирүүлөрүнөн кийин бир катар нааразылык акциялары өткөн.
Ошол эле жылдын апрель айында Ташиев Өзгөндө эл менен жолугушканда Кемпир-Абад суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жер Өзбекстанга берилбей турганын билдирген.    

Сүрөт: kenesh kg.        

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты