«Т-Медианын» жана «Клооптун» Өзгөндөгү түз эфирине чабуул жасалып, өчүрүлдү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 4-октябрда, “Т-Медиа» басылмасынын жана КЛООПтун Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча жыйынынан алып берген түз эфири өчүрүлдү.

Бул тууралуу аталган редакциялардан билдиришти.

«Т-Медиа» басылмасы Өзгөн районунда Кемпир-Абад боюнча нааразычылыкка чогулган элдин пикирин чагылдырган бир саатка жакын созулган түз эфир уюштурган. 10 миңден ашуун колдонуучу көргөн Фейсбук баракчадагы түз эфирге чабуул жасалып, белгисиз жагдайда ал өчүрүлүп калган.

Ошондой эле «Клооптун» Өзгөндөгү Кемпир-Абад боюнча жыйындан алып берген түз эфири да белгисиз себептерден улам өчүп калган.

«Т-медиа» журналисттери кабарлагандай, Ош облусунун Өзгөн районунда акимчиликтин сыртында жүздөн ашык адам топтолуп турат. Алар президенттин эл менен жолугушуусу ачык өтүшүн, Кемпир-Абадга байланыштуу ачык-айкын маалымат берилишин талап кылышууда.

Жергиликтүү калк менен менен Президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, Башкы прокурор Курманкул Зулушов Өзгөн райондук администрациясында Кемпир-Абад маселесине байланыштуу эл менен жолугушуу өткөрүп жатат.  Чогулуш райондук акимчиликтин ичинде болууда. Президенттин басма сөз кызматы бул тууралуу маалымат бере элек.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты